Бишкекте "Оскар" сыйлыгына жөнөтүлчү тасма тандалат

Кыргыз тасмалары "Чет тилдеги эң мыкты тасма" номинациясы боюнча көрсөтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Кыргызстандын атынан абройлуу "Оскар" сыйлыгына ат салыша турган тасма жарыяланарын Маданият министрлиги кабарлады.
Иш-чара бүгүн, 23-августта, Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө болот.
Кыргыз тасмалары "Чет тилдеги эң мыкты тасма" номинациясы боюнча көрсөтүлөт.
"Кыргыздын таланттуу кинорежиссерлору жараткан тасмалардын кайсынысы маданиятыбызды дүйнөлүк аренада таанытууга мүмкүнчүлүк алары белгилүү болот", — деп жазылган маалыматта.
"Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземи 2025-жылдын 2-мартында легендарлуу Лос-Анжелестеги Dolby театрында өтөт.
Кыргызстанда жана дагы 13 өлкөдө Россиянын "Кино түнү" акциясы өтөт