Бишкекте 37 жаштагы кишинин каза болушу боюнча милиционерлерге иш козголду

Sputnik
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Бишкекте 37 жаштагы кишинин каза болушу боюнча милиция кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Эске салсак, 9-август күнү С.И. Кыргыз улуттук университетинин имаратына "мени өлтүргүлөрү келип жатат" деп чуркап кирип, 3-кабаттан секирмекчи болгон. Адамдар ага жардам берүүнү каалап токтотууга аракет кылышкан, бирок ал эч кимди уккан эмес. Кийинчерээк ал имараттан чуркап чыгып, Жибек Жолун көздөй бет алган.
"Бишкек ШИИББдин милиция кызматкерлери К.Б. жана Д.Т. аталган дарекке барган учурда болжол менен 30-35 жаштагы европалык түспөлдөгү (кийин тастыкталгандай И.С.) жаран аныкталган. Укук коргоочулар кармалган кишини окуянын күбөлөрү ага дем жетпей жатканын айтканына, коё берүүнү суранганына карабай катуу басып жатып алышкан. Мунун кесепетинен эркек киши ошол жерден каза болгон", — деп жазылат маалыматта.
Факт боюнча Бишкек ШИИББдин милиция кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси ("Ден соолукка оор залал келтирүү") менен кылмыш иши козголду.
Кылмыштуу топту каржылаган деп экс-депутат Нургазы Айдаров издөөгө алынды