"Дүйнөлүк масштаб". АКШда экономикалык кыйроо тууралуу айтыла баштады

Чыгаша өзгөчө азыркы президенттин администрациясынын тушунда катуу өскөнү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. АКШнын улам өсүп бара жаткан мамлекеттик карызы өлкөнүн экономикалык абалын дүйнөлүк масштабда тобокелдикке кептеп жатат. Бул тууралуу Fox Business жазды.
Финансы министрлигинин берген маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө мамлекеттик карыз 35 триллион доллардан ашты.
"Акыркы отчеттор карыз кийинки он жылдыкта 54 триллион доллага жетерин көрсөтүп турат. Бул дегеле болуп көрбөгөндөй көрсөткүч", — деп болжолдонгон макалада.
Авторлор карыздын барган сайын өсүп жатышына мамлекеттик чыгымдын көбөйгөнү жана мамлекеттик карыздын пайыздык коюмунун жогорулашы себеп экенин белгилешкен. Чыгаша өзгөчө азыркы президенттин администрациясынын тушунда катуу өскөнү айтылды.
"Мындай карыз АКШнын экономикалык абалын дүйнөлүк масштабда кыйроого кабылтат", — дешкен баяндамачылар.
Буга чейин Россия президенти Владимир Путин АКШнын дүйнөлүк экономика алдында төлөнөр-төлөнбөсү арсар болгон 54,3 триллион карызы бар экенин айткан. Өлкө экономикасынын көлөмү кыскарып, алардын фундаменталдык негизи туруштук бере албай жатканы белгиленген. Путин мындай жагдай доллар менен оокат кылгандар үчүн өтө кооптуу экенин эскерткен болчу.
РФ лидери акыры дедолларизация процесси жүрөрүн белгилеген. Президенттин айтымында, БРИКС мамлекеттери эсеп-кысап жана валюта-финансылык көзөмөлдүн механизмдерин иштеп чыга башташты. Мындан улам уюм мүчөлөрүнүн ортосунда америка валютасы менен жүргүзүлгөн операциялар азаюуда.
Илон Маск АКШ массалык ачкачылыкка кабыларын боолголоду