Туристтик мезгилде Ысык-Көлдө өзгөчө кырдаал режими кирди – селдин кесепеттери

Sputnik
Ысык-Көл облусунда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам, эл жашаган аймактарды сел каптаган учур көбөйдү. Буга байланыштуу тургундар коопсуз аймакка көчүрүлүп, Ысык-Көл облусунун бир нече районунда өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул кырдаал Ысык-Көлдө туристтик маал күчөп турган учурда болду. Жергиликтүү эл селден кандай зыян тарты? Бул табият кырсыгынын туризмге тийгизген таасири кандай болду? Быйыл өтө көбөйгөн сел кырсыктарынын себеби эмне?
Ушул жана башка суроолорго Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Калкты жана аймактарды коргоо башкармалыгынын башчысынын орун басары Бекмамат Абдрахманов жооп берди.