Борбор калаанын экономикалык өсүшү — жарым жылда кандай иштер аткарылды?

Sputnik
Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын шаарды өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын башкы адиси Алмазбек Усенбеков январь-июнь айларында баш калаа экономикалык өсүш оң көрсөткүчүнө жетишкендигин баса белгиледи. 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин иш жүзүндөгү түшүүсү 16 019,6 млн. сомду түздү. Ал эми салыктын түшүүсү 7667,9 млн. сомду түздү. Салыктык эмес кирешелер 1342,5 млн сом.
Ал эми шаар ичинде оңдоо иштерин бүтүрүү, көпүрөлдү куруу, билим берүү уюмдарынын жанында жол белгилерин коюуну жана жол белгилерин орнотууну көзөмөлгө алуу жана үстүбүздөгү жылдын аягына чейин жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу боюнча тиешелүү чараларды көрүү пландалууда.