Радио

Айтикул уулу: куралган автоунаа сатылган учурлар да катталды

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Байгазы Айтикул уулу чет өлкөлүк номердеги автоунааларды сатып алууда абайлаш керектигин айтты.
Sputnik
Башка мамлекеттерден унаалардын тетиктери ар бөлөк кирип, бизде куралып сатыкка чыккан учурлар да аныкталган. Бул тууралуу Байгазы Айтикул уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, былтыр өлкөгө алып келинген 24 даана "Автоураган" программалык жабдыгы издөөдө жүргөн, ылдамдыкты ашырып айдаган унааларды жер-жерлерден аныктоодо.
"Чет өлкөдөн унаалардын тетиктери ар бөлөк болуп кирип, бизде куралып сатыкка чыккан учурлары да аныкталган. Алардын документтери контрабандалык жолдор менен башка мамлекетте жасалып келип турган. Демек, Чек ара, Бажы, Салык кызматтарынан өтпөстөн эле кайдан-жайдан пайда болгон унаа сатыкка чыгып жатат. Ушундай укук-тартип иштерин алдын алуу максатында атайын рейд жүргүзгөнбүз. Сырттан былтыр өлкөгө 24 "Автоураган" аппараттык-программалык комплекс жабдыгы алып келинген. Анын жардамы менен 26 автоунаа аныкталып, айып короого токтотулган. Чет өлкөлүк номердеги автоунааларды сатып алуудан абайлаш керек. Кийин маселе чыгып калышы ыктымал. Учурда бул унаалардын бардыгына айып пулдар жазылат, бирок каттоосу жок болгондуктан дарегина айып кагазы барбайт. Ошондуктан биздин кызматкерлер токтотуп текшерген учурда айыбы бар болсо унаа токтотуучу жайга киргизилет. Муну менен катар быйыл жайкы туризм сезонун жол кырсыгысыз өткөрүү максатында атайын иш план иштелип чыккан. Болгон күч-аракетибизди Ысык-Көл облусунун аймагына жумшадык. Милициянын кайгуул кызматкерлеринен да аталган облуска бөлүнүп, ошол тарапка бараткан Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунда Чүй облусунун кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеди. Ал жерге радарлар менен бирге "Автоураган" аппараттык-программалык комплекстери да орнотулган. Былтыр Ысык-Көл облусунун кире беришине канча унаа кирип чыкканын көрсөтүүчү аппарат коюлган. Ага ылайык, бир суткада 80 миң унаа Ысык-Көлдүн аймагына кирип чыгары белгилүү болду", — деди Айтикул уулу.
Ал байкоочу камералар да жол кырсыгынын азайышына өбөлгө түзүп жатканын кошумчалады.