Жалал-Абадда бейтааныш баланы сабаган аял. Шектүү убактылуу кармоочу жайда

Интернетке окуянын видеосу да тараган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Жалал-Абад шаарындагы соода борборунда бейтааныш баланы сабоого шектелген аял 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Окуя 17-августта болгон. Шаардагы "Плаза" соода борборунда аял 12 жаштагы балага уулу менен урушуп кеткени үчүн кол көтөргөн. Өспүрүмдүн денеси көгөрүп, мээси чайкалган. Жабыркаган баланын апасы милицияга арыз менен кайрылган болчу.
"Токмок жеген бала ооруканада. Окуя боюнча Жалал-Абад ШИИБдин тергөө кызматы "Бейбаштык" беренеси менен иш козгогон. Шектүү катары Сузак районунун 30 жаштагы тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга 48 саатка киргизилди", — деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Чүй ооруканасы: кыздын дарыгерди сабап, муунткан учурунун видеосу