Ысык-Көлдүн түндүгүндөгү селдин кесепеттери. Дрондон тартылган видео

19-августка караган түнү Ысык-Көл облусунун түндүгүндөгү үч айылда сел жүрдү. Темир, Булан-Сөгөттү, Корумду айылдарын суу каптаган.
Sputnik
Табигый кырсыктын кесепеттерин ӨКМдин куткаруучулары жана ыктыярчылар дагы деле жоюуда. Атайын техникалар да алып келинген.
Жалпысынан 380 үйдү, 11 дүкөндү, беш пансионатты, ички жана негизги жолдорду суу каптаган.
Баарынан да Корумду айылы жабыркаган. Анда 300 үйдү, беш дүкөндү жана үч пансионатты суу каптаган.
Аймакта өзгөчө кырдаал жарыяланып, тазалоо иштери уланууда.