Екатеринбургда кыргызстандыктарды каттоодон өткөрүү эмнеге кечиккен. ТИМ үн катты

Кыргызстандын тышкы саясат ведомствосунан кырдаал көзөмөлдө экенин айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Екатеринбург шаарындагы көп тармактуу универсалдуу миграциялык борбордо чет өлкөлүк жарандардын манжа изин каттоонун кыскарып кетиши техникалык жабдуулардын бузулушунан, ошондой эле Миграция кызматынын адистеринин жетишсиздигинен болгон. Бул туурасында ТИМден кабарлашты.
Буга чейин кыргызстандык мигранттар Екатеринбургдагы аталган борбордо манжа издерин алуу боюнча жаралган көйгөйдү айтып, арызданышкан эле.
"Жогорудагы себептен улам аталган борбордо өз убагында манжа изи боюнча каттоодон өтпөгөн Кыргызстандын жарандарынын саны өсүп кеткен. Тактап айтканда, Россиянын аймагына кирген учурдан тартып 30 күн ичинде катталуу керек", — деп айтылган анда.
Екатеринбургдагы Башкы консулдуктун өкүлдөрү бул маселе боюнча РФтин Тышкы иштер министрлигинин аталган калаадагы өкүлчүлүгүнө тиешелүү кайрылуу жолдогон. Андан сырткары, РФтин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.
"Натыйжада каттоо мөөнөтү бүтүп жаткан кыргызстандыктарга күн сайын кошумча манжа изин каттоону жүргүзүү макулдашылды. Мындан тышкары, ТИМдин консулдук департаментинин кызматкерлери РФтин Бишкектеги элчилигинин жана РФ ИИМинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүндөгүлөр менен бул маселени чечүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен жолугушуу өткөрдү", — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстандын тышкы саясат ведомствосунан бул маселе көзөмөлдө экенин айтышты.
РФ ТИМи: мигранттар арасында кылмыштуулук азайганы байкалды