Кыргызстандык Владислав Шулико Ысык-Көлдү айланып сүзүп чыкты

Шулико буга чейин көлдү узунунан биринчилерден болуп сүзүп өтүп рекорд койгон.
Sputnik
БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Кыргызстандык Владислав Шулико Ысык-Көлдү айланып сүзүп, 688 чакырымды багынтты.
Ал Балыкчы шаарынан көлдүн түндүк тарабы менен чыгып, түштүк тарабы менен кайра Балыкчы шаарына 13 күндө сүзүп келген.
Бул аралыкта анын командасы менен ыктыярчылар көлдүн жээгин тазалап, беш тонна таштанды чогултушкан. Муну менен алар коомчулуктун көңүлүн экологияга, айлана-чөйрөнү таза кармоого бурууну көздөшкөн.
Шулико буга чейин Ысык-Көлдү узунунан биринчилерден болуп сүзүп өтүп (181 км), рекорд койгон.
Олимпиада оюндары — 2024
Париж-2024: жөө күлүк Трофимова Кыргызстандын рекордун жаңылады