Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украина Куралдуу күчтөрү Курск АЭСине сокку урууга аракет кылды

Учурда элдин коопсуздугун камсыздоо үчүн Курск, Белгород жана Брянск облустарында контртеррордук операция режими иштеп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Украина Куралдуу күчтөрү Курск атомдук электр станциясына сокку урууга аракет кылды. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин чек арадагы кырдаал боюнча кеңешмеде билдиргенин РИА Новости жазды.

"Каршылаш бүгүн түнү атомдук электр станциясына сокку урууга аракет кылды", — деди Путин.

Өлкө башчынын айтымында, кырдаал тууралуу Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик кабардар болгон, мекеме баа берүү үчүн адистерин жөнөтөрүн билдирген.
Бүгүн Россиянын Венадагы эл аралык уюмдардын алдындагы өкүлү Михаил Ульянов кийинки жумада МАГАТЭнин башчысы Рафаэль Гросси Курск АЭСине келүүнү пландап жатканын айткан. Дипломат уюмдун жетекчиси менен жолугуп, сапардын чоо-жайын талкуулаганын белгиледи.
Өткөн ишемби күнү Гросси менен "Росатомдун" башкы директору Алексей Лихачев телефон аркылуу Курск жана Запорожье АЭСтериндеги кырдаалды талкуулашкан. Лихачев атомдук станциялардын айланасындагы абал барган сайын начарлап жатканын айтып, Гроссини жакын арада Курск АЭСине жана Курчатов шаарына келип баарын өз көзү менен көрүп кетүүнү өтүнгөн.
Эскерте кетсек, 6-августта Украина Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү Курск облусун басып алуу ниети менен аймакка кирип келип, бирок РФ аскерлери тарабынан токтотулган. Россиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсү боюнча, кагылышуудан Украина 4,7 миңден ашуун жоокеринен жана 68 танкынан ажырады.
Учурда элдин коопсуздугун камсыздоо үчүн Курск, Белгород жана Брянск облустарында контртеррордук операция режими иштеп жатат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Шольц: Киев Курскиге кол салууну өтө жашыруун жасады