Мектептеги коррупция боюнча кайсы номерге чалса болот?

Sputnik
БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. УКМК мектептерде коррупциялык иштерге туш болгондор 0312-66-04-75 номерине кабарласа болорун билдирди.
Баланы 1-класска киргизүүдө же башка билим жайына которууда акча сурагандар болсо атайын кызматтын ушул телефон номерине кабарлоо зарыл.
УКМК билим берүү тармагында акча берген жана алган учурлар үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертти.
Дене тарбия жана спорт академиясынын ректору пара менен кармалды