Нөшөрлөп жамгыр жаап, сел жүрөт! ӨКМдин эскертүүсү

Sputnik
БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. ӨКМ 23-августтан 25-августка чейин нөшөрлүү жамгыр күтүлгөнүнө байланыштуу өлкөнүн тоолуу аймактарында сел кооптуулугу бар экенин эскертти.
"Бийик тоолордо жүрүш жасоону жана саякаттоону, капчыгайларда, дарыя жээктеринде эс алууну башка күндөргө жылдырууну өтүнөбүз", — деп айтылат маалыматта.
Министрлик чукул кырдаал жаралса 112 акысыз кызматына билдирүүнү өтүндү. Чалуу күнү-түнү кабыл алынат.
Эми 40 градус ысык болбойт. Бир жумага карата аба ырайынын божомолу