Салык кызматы кыргызстандыктарды шылуундардан этият болууга чакырат

Sputnik
БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Салык кызматы өлкөдө өзүн салыкчы катары тааныштырып, адамдарды алдап кеткен окуялар көбөйүп жатканын эскертүүдө.
Ведомствого социалдык тармактардан өзүн "салык агенти" катары тааныштырып, такталбаган эсептерге акча которууну талап кылгандардын торуна түшкөн жарандар кайрылган.
"Шылуундар ишендирүү үчүн Салык кызматынын жасалма күбөлүгүнүн сүрөтүн жөнөтүп, акча которууну негиздөө үчүн ар кандай салыктык маселелерге байланыштуу себептерди ойлоп табышууда", — деп айтылат маалыматта.
Салык кызматы жарандардын сак болушун, шылуундарга кабылган учурда укук коргоо органдарына кайрылууну өтүнгөн.
Түштүк Кореяда 1,3 млн. долларын алдатып жибергендерге элчилик көмөк көрсөтүүдө