БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Чеченстанга барган сапарынын алкагында Грозный шаарындагы Иса пайгамбар атындагы мечитке кирип, аларга Куран китебин белек кылган. Бул туурасында Чеченстан лидери Рамзан Кадыровдун Telegram каналына жарыяланды.
Эске салсак, Путин соңку 13 жылдан бери аталган аймакка биринчи ирет барган.
Ал жерде Путинге Чеченстандын ардактуу жараны тууралуу күбөлүк менен төш белги тапшырышкан. Путин аларга алтын жалатылган орнаменттер түшкөн Куран китебин берген.
Китепти ачып окуган Чеченстан муфтийи арабча аятты ачып окуп, андан соң Россия лидерине которуп бергенин Грозный-Информ каналы жазды.
"Максат коюп умтулсаң Жараткан Алла ага жетүүгө жардам кылат", — деген ал.
Кадыров "бизди жеңе алышпайт" деп кошумчалаган.
Путин Куран китепти колуна аярлап алып өөп, андан соң алар андан аркы аңгемелешүүсүн улантышкан.
Сапардын бул учуру дүйнөнүн чар тарабына тарап, социалдык тармактардын колдонуучулары өздөрүнүн жылуу пикирлерин билдирип жатышат.
"Чыныгы адам!... Россиянын мырза президенти, сиздин мындай урмат менен кылган мамилеңиз үчүн сыйлоом жана сизге болгон урматтоом чексиз", — деп жазышкан социалдык тармактын колдонуучулары.
Видео КМШ өлкөлөрүндөгү интернет айдыңына, анын ичинде Кыргызстан, Казакстан жана Азербайжанга да тездик менен тараган. Андан сырткары, Facebook* тармагынын араб сегментинде да жайылып, комментарийлер менен коштолууда.
Сапарды Түркиянын, Тунистин, Египеттин, Сириянын жана Бириккен Араб Эмирликтеринин ири каналдары байма-бай көрсөткөн.
* Meta ишмердүүлүгү (Facebook жана Instagram) Россияда экстремисттик деп бааланып, тыюу салынган.