Өзгөн: мыйзамсыз менчиктештирилген автобекетти мэрияга кайра өткөрүштү

Объектинин Базар баасы 219,6 миллион сом экени айылды.
Sputnik
БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Өзгөндөгү автобекет (0,74 гектар) мыйзамсыз менчиктештирилип кеткени аныкталганын УКМКдан билдиришти.
29-июлда кылмыш жоопкерчилигинен баш тартуу максатында 1,5 миллион сом пара берүү учурунда Салык кызматынын ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгынын түштүк региону боюнча бөлүм башчысы кармалган.
1 / 3

Өзгөндөгү автобекет (0,74 гектар) мыйзамсыз менчиктештирилип кеткени аныкталганын УКМКдан билдиришти

2 / 3

29-июлда кылмыш жоопкерчилигинен баш тартуу максатында 1,5 миллион сом пара берүү учурунда Салык кызматынын ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгынын түштүк региону боюнча бөлүм башчысы кармалган

3 / 3

Акчанын автобекеттин мыйзамсыз менчиктештирилип кеткени боюнча фактыны жашырып жана ишти козготпоо боюнча берилгени айтылды. Буга анын кандай тиешеси бар экенин атайын кызмат тактаган жок.

Акчанын автобекеттин мыйзамсыз менчиктештирилип кеткени боюнча фактыны жашырып жана ишти козготпоо боюнча берилгени айтылды. Буга анын кандай тиешеси бар экенин атайын кызмат тактаган жок.
"Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө "Өзгөн автобекети" ААКтын акционерлери Өзгөн шаарындагы автобекетти мыйзамсыз менчиктештирүү фактысын моюндарына алып, ыктыярдуу түрдө Өзгөн мэриясынын балансына өткөрүп берилди. Жогоруда аталган жер тилкесинин базар баасы 219 миллион 591 миң сомду түзөт", — деп айтылган маалыматта.
Токмоктогу менчикке берилип кеткен автобекет мамлекетке кайтарылды