Өзгөндө 14 жаштагы кыз төрөдү. Милиция шектүүнү кармады

Sputnik
БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Өзгөн районунда 14 жаштагы кыз төрөгөнүн Sputnik агенттигине укук коргоо органдарындагы маалымат булак билдирди.
Алдын ала маалыматтарга караганда, өспүрүм 18-августта төрөт үйүнө алып келинип, уул төрөгөн.
Милиция "Зордуктоо" беренеси боюнча иш козгогон. Кылмышка шектелип 21 жаштагы жергиликтүү тургун кармалды. Ишенимдүү адамдардын айтымында, ал окуу жайлардын биринде музыкадан сабак берет.
"Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал 21 жашта", — деди Ош облусунун ички иштер башкармалыгы.
Кара-Сууда уктап жаткан секелекти уурдап кетип зордуктаган киши өмүр бою кесилди