Ош шаарында согуштун жалгыз ардагери 99 жашында дүйнө салды. Некролог

Ардагер 1943-жылы согуш майданына аттанып, сегиз жылдан кийин мекенине кайткан.
Sputnik
БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Ош шаарындагы Улуу Ата Мекендик согуштун жалгыз ардагери Касымбай Жолдошев дүйнө салды. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди.
Ардагер 1925-жылдын 25-июнунда Ноокат районунун Шаңкол айылында туулган. Согуштун 2-топтогу майыбы.
1943-жылдын 18-январында Ноокат райондук аскер комиссариаты тарабынан согуш майданына чакырылып, 154-аткычтар полкунда эки жыл кызмат өтөгөн. Ал 1950-жылдын май айына чейин сегиз жыл мекенге кызмат кылган.
1945-жылдын 9-августунда япондук самурайларга каршы согушта орудияга командир болуп дайындалып, 3-сентябрга чейин Япон согушуна катышкан. Андан кийин Кытайдын Манчжурия провинциясын бошотууда Харбин шаарында согуштун аягына чейин катышкан.
Союзга кайткандан кийин беш жыл Нижний-Уденск шаарында кызмат өтөп, 1950-жылдын 10-апрелинде Советтик Армиянын катарынан бошотулуп, мекени Ноокат районуна кайткан.
Айылына келгенден кийин согуш мезгилинде талкаланган чарбаны калыбына келтирүүгө зор салымын кошуп, колхоздо башкы учетчик, кассир, мал ферма башчысы, курулушта бригадир, жүгөрү силосунун бригадири болуп 35 жыл кызмат кылган. 1952-1957-жылдары комсомол уюмун жетектеген. Жолдошевдин көп жылдык үзүрлүү эмгеги бааланып Москвадагы айыл чарба жетишкендиктеринин көргөзмөсүнө жиберилип, "Урал" мотоцикли менен сыйланган. 1985-жылы 42 жылдык эмгек стажы үчүн бир "Москвич" автоунаасы берилип, ардактуу эс алууга узатылган. Согуштун, эмгектин ардагери.
Согуштагы эрдиктери үчүн III даражадагы "Великая Отечественная война" орденине, "Победа над Японией, "За боевые заслуги" ж.б. медалдарга татыктуу болгон.
Жүйөлүү себептер менен 2004-жылдан бери Ош шаарында туруктуу жашап калган.
Бир уул, бир кызды тарбиялап, 15 небере, 50 чебере, 1 кыбыранын сүйүктүү чоң ата, таятасы болду.
Ардагер туулуп-өскөн айылы Ноокат районунун Шаңкол айылында бүгүн саат 14:00дө акыркы сапарга узатылат.
Бишкектин мэри 101 жаштагы согуш ардагерине батир берүүнү буйруду