Радио

Өлкөдө жыл башынан бери 114 жолу өзгөчө кырдаал режими жарыяланды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин калкты жана аймактарды коргоо башкармалыгынын башчысынын орун басары Бекмамат Абдрахманов жыл башынан бери 216 сел кырсыгы катталганын айтты.
Sputnik
Быйыл сел көп болуп, мындан улам 114 жолу өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Бекмамат Абдрахманов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, район, айыл аймак, жадагалса, чакан айылдардын деңгээлинде да өзгөчө кырдаал жарыяланган учурлар болду.
"Жыл башынан бери жалпы өлкө аймагында 114 ирет өзгөчө кырдаал режими кирди. Чечмелей кетсек, бир айылда сел катуу жүрүп, көп зыян тартып, ал жерге кирген учур болду. Мындан сырткары, айыл өкмөттөрдүн деңгээлинде киргизилди, ошондой эле райондук деңгээлде да өзгөчө кырдаал режимдери жарыяланды. Жыл башынан бери жалпы 216 сел кырсыгы катталды. Жаратылыш кырсыгынын түрү көп, булардын арасынан сел быйыл адаттагыдан көп болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин техникасы жаңыланып, жакшы шарттар түзүлгөн үчүн кырсыктын кесепеттери тезирээк жоюлуп жатты", — деди Абдрахманов.
Ошондой эле ал быйыл селдин көп болуусуна нөшөрлөп жааган жамгыр себеп экендигин кошумчалады.