Нуржигит Кадырбеков УКМКнын сурагынан чыкты

Sputnik
БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Депутат Нуржигит Кадырбеков УКМКнын сурагынан чыкты.
Эл өкүлү Sputnik агенттигине суракка күбө катары чакырылганын айтып берген.
"Ыйман" фонду боюнча суракка чакырышты. Күбө катары көрсөтмө бердим, жүрүшүн ачыктабоо боюнча тил кат жазып бергендиктен чоо-жайын айта албайм", — деди Кадырбеков.
Депутат "Ыйман" фондунун аудитинен кийин кылмыш иши козголгон-козголбогонун да айткан жок.
Мандатын тапшырган Тазабек Икрамов элге кайрылып, принциби тууралуу айтты