Кыргызстан менен БАЭнин айдоочулук күбөлүктөрүн өз ара таануу сүйлөшүлүүдө

Кыргызстандын элчиси БАЭ ТИМинин Азия жана Тынч океан иштери боюнча департаментинин директору менен жолуккан.
Sputnik
БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Ушул жылдын аягына чейин Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмирликтеринин айдоочулук күбөлүктөрүн өз ара таануу жана алмашуу боюнча меморандумга кол коюла турганын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматта 21-август күнү Абу-Даби шаарында Кыргызстандын БАЭдеги элчиси Абдилатиф Жумабаев өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин Азия жана Тынч океан иштери боюнча департаментинин директору Абдулазиз Аль-Неяди менен жолугушуу өткөргөнү айтылат.
Тараптар Кыргызстан менен БАЭнин ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча бир катар актуалдуу маселелерди талкуулашты. Бул тармактарда мамилени мындан ары чыңдоонун келечегине өзгөчө көңүл бурулган.
"Натыйжада эки өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан берилген айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу жана алмашуу боюнча түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу тууралуу макулдашууга жетишилди. Документтин тексти тараптар тарабынан макулдашылган. Мунун баары тараптардын жол коопсуздугу жана эки элдин ыңгайлуулугу боюнча кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө даярдыгын көрсөтөт", — деп айтылат маалыматта.
Эми 28-августта эки тараптын катышуусунда видеоконференция өткөрүү пландаштырылып жатат. Анда документке акыркы өзгөртүүлөр киргизилип, кол коюуга даярдыгы каралмакчы.
Эми автоунаалар ОСАГО келишими жок кайра катталбайт