Кыргызстанда динозаврдын жаңы түрүнүн калдыктары табылды. Видео

Таш-Көмүр шаарынын жака-белинен динозаврдын жаңы түрүнүн калдыктары табылды.
Sputnik
Мындай маанилүү ачылышты немец окумуштуулары кыргызстандык кесиптештери менен жасашкан. Илимий изилдөө Zoological Journal of the Linnean Society журналына жарыяланган.
Илимий табылганы "Манас" эпосундагы мифологиялык куштун атынан Alpkarakush kyrgyzicus деп аташкан.
Окумуштуулардын айтымында, теропод динозавры Кыргызстандын аймагында биринчи ирет табылып жатат.
Анын калдыктары болжол менен 165 миллион жыл мурун пайда болгон катмардан табылган.
Alpkarakush kyrgyzicus узундугу 9 метрге жетет.