Кыргызстанда 7,8 миңден ашык жумуш орун бар. Адистиктердин тизмеси

Бийлик эмгек рыногуна анализ жүргүзүп, кандай адистер жетишпей жатканын кабарлады.
Sputnik
БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Эмгек рыногунда 7 848 бош орун бар. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги билдирди.
Вакансияны анализдөөнүн жыйынтыгы боюнча төмөнкү адистер жетишпейт:
Тигүүчүлүк — 2 112;
Кызмат көрсөтүү (чачтарач, маникюр мастери, официант, косметолог, курьер, ашпозчу, кондитер ж.б.) — 1034;
айдоочулар — 617;
медициналык тармак (дарыгерлер, медайымдар, фармацевттер, санитарлар) — 587;
курулуш (механик, ширетүүчү, жыгач уста, темир уста, бетон куюучу) — 576;
бала бакчадагы тарбиячылар менен мектептеги мугалимдер — 203;
кассирлер — 186;
түрдүү адистер — 150;
сатуу боюнча агенттер — 115;
менеджерлер — 46
бухгалтерлер — 39;
юристтер— 32;
экономисттер — 29;
инженер-механиктер — 13;
психологдор — 13.
Жумушка орношуу тууралуу кененирээк zanyatost.kg веб-порталынан же иш менен камсыз кылуунун аймактык кызматтарынан билүүгө болот.
Эмгек министрлиги ошондой эле бир катар тармактар боюнча орточо эмгек акыны көрсөттү. Алардын ичинен эң жогорку көрсөткүч өнөр жай (52,9 миң сом), эң төмөнкүсү саламаттыкты сактоо тармагында (21,4 миң сом) болду.
Министрлик жыл башынан бери өлкөдө 16 миң иш орду түзүлгөнүн айтты