Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Шольц: Киев Курскиге кол салууну өтө жашыруун жасады

Немец канцлери Германия постсоветтик республикалардагы кырдаалга дыкаттык менен көз салып турганын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Германиянын канцлери Олаф Шольц Украина Курскиге "жашыруун жана аларга кабар бербей даярданып алып" кол салганын айтты.
РИА Новости бул тууралуу канцлер Кишиневдо Молдованын президенти Мая Санду менен жолуккандан кийин маалымат жыйында билдирген.
"Украина Курск облусундагы согуштук операциясын өтө жашыруун жана маалымат бербей, кабардар кылбай туруп даярдаган", — деген Шольц.
Саясатчы Молдовага алдыда болчу президенттик шайлоо жана референдумдун алдында расмий сапар менен келген. Жалпы элдик добуш берүү аталган республиканын ЕБге киришин карап жатат.
Немец канцлери аны менен катар эле Германия постсоветтик республикалардагы кырдаалга дыкаттык менен көз салып турганын жана анын Европадагы маанилүү союздашы экендигин айткан.
"Биз андан ары да колдоо көрсөтүүгө ниетибиз бар. Украиналыктар биздин Европадагы коопсуздугубуз үчүн да бир нерселерди жасап жана өз мекенибизди коргоо зарылдыгын көрсөтүүдө. Биздин жардамыбызсыз алар эч нерсе кыла алышпайт эле", — деп кошумчалаган ал.
Шаршемби күнү Россиянын Тышкы чалгын кызматы "Известия" басылмасына Украина армиясынын Курскиге чабуулу АКШ, Улуу Британия жана Польшанын атайын кызматтарынын катышуусу менен жасалгандыгын айткан. Аскерлер алардын машыгуу борборлорунда, анын ичинде Германияда да даярдыктан өткөндүгүн белгилеген.
НАТО өлкөлөрү да колдоо көрсөтүп, украин аскерлерине атайын операциядагы россиялык күчтөрдүн жайгашкан орду тууралуу маалыматтарды спутник аркылуу берип жатканы айтылган.
Эске салсак, 2024-жылдын 6-августунда таңга маал украин аскерлери Курск облусунун аймагына чейин кирип келишкен. Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Валерий Герасимов алардын жылышы токтотулганын президентке кабарлаган. 10-августта Россиянын Белгород, Курск жана Брянск облустарында террорчулукка каршы операция режими киргизилген.
21-августтагы маалыматтарда Курск багытында украин армиясы 4400гө чукул аскери менен 65 танкасынан ажырагандыгын билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украин армиясынын Курск облусуна чабуулун НАТО кошулуп пландашкан