БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Имамидин Ташовдун иши Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөнүн анын жактоочусу Самат Матцаков билдирди.
Ал белгилегендей, Ташов бир катар кылмыштар боюнча айыпталууда. Анын ичинде "Бийликти күч менен басып алууга даярдануу", "Массалык маалымат каражаттарын колдонуу менен бийликти күч менен басып алууга чакырыктарды жасоо", "Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" беренелери бар.
"Бул иш боюнча алдын ала сот отуруму 23-августка белгиленген. Сотко судья Чыңгыз Бердимуратов төрагалык кылат", — деди Матцаков.
Ташов 22-апрелде кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өткөндөн кийин кармалган. Ал Алматыдан Кара-Балта шаарына бара жаткан.
Буга чейин атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев Имамидин Ташовго издөө жарыяланганын билдирген. Мамлекеттик комитеттин маалыматы боюнча, ишкер №1 тергөө абагында отурганда уюлдук телефон аркылуу издөөдө жүргөн Тилекмат Кудайберген уулу (мурдагы Тилекмат Күрөңов) жана башка адамдар менен бийликти күч менен басып алууну пландаган. Тополоңго социалдык маселелер, анын ичинде кассалык аппараттарды киргизүү себеп болушу керек болчу.