УКМК Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбековду суракка чакырды

Sputnik
БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков УКМКга суракка чакырылганын Sputnik Кыргызстан агенттигине ишенимдүү маалымат булак билдирди.
Парламентарий маалымат каражаттарындагы маегинде сурак "Ыйман" фондуна байланыштуу экенин айткан. Буга чейин Финансы министрлиги текшерүү жүргүзүп, андан кийин уюмдун бухгалтери кармалган.
ЖМКлардын жазганына караганда, фонддо керектүү бухгалтердик отчеттор жана кээ бир керектүү документтер болгон эмес.
Мандатын тапшырган Тазабек Икрамов элге кайрылып, принциби тууралуу айтты