Чоң-Алайда памирлик кыргыздарга салынып жаткан үйлөр бүтүп калды

Долбоор боюнча, алты бөлмөлүү турак үйлөр эки бүлөгө ылайыкталган. Жалпысынан 10 үй курулду.
Sputnik
БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Чоң-Алай районунун Бурган-Суу айылында Афганстандын Кичи жана Чоң Памиринен келген этникалык кыргыздарга курулуп жаткан үйлөрдүн 95 пайызы бүттү. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинен кабарлашты.
1 / 2

Чоң-Алай районунун Бурган-Суу айылында Афганстандын Кичи жана Чоң Памиринен келген этникалык кыргыздарга курулуп жаткан үйлөрдүн 95 пайызы бүттү

2 / 2

Ага ылайык, турак үйлөрдүн ачкычын журтташтарга Эгемендүүлүк майрамына карата тапшыруу пландалууда

Ага ылайык, турак үйлөрдүн ачкычын журтташтарга Эгемендүүлүк майрамына карата тапшыруу пландалууда.

"Объектилердин курулушу 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Тендердик баасы 82,9 миллион сомду түзөт. Долбоор боюнча, алты бөлмөлүү турак үйлөр эки бүлөгө ылайыкталган. Жалпысынан 10 үй курулду. Үйдүн аянты 180 чарчы метрди түзөт", — деп айтылат маалыматта.

Россия сала турган 9 мектептин үчөө жакында курула баштайт