БУУ маймыл чечеги күчөгөн учурга даяр туруу үчүн 18,5 млн. доллар бөлүүгө чакырды

Sputnik
БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. БУУ маймыл чечеги күчөгөн учурга даяр туруу үчүн 18,5 миллион доллар бөлүүгө чакырды. Маалымат уюмдун сайтына жарыяланды.
Миграция боюнча эл аралык уюм (МЭУ — БУУ системасынын бир бөлүгү) Африканын чыгыш жана түштүк тарабында маймыл чечегинин жайылышы мигранттарга жугуу тобокелчилигин жогорулатканын билдирген. Алар медициналык жардамга жана оору күчөп кете турган болсо колдоого муктаж болору айтылды.
"Маймыл чечегинин Чыгыш Африкада, континенттин түштүгүндө жайылышы тынчсыздандырууда. Тобокелчилик тобундагыларды коргоп, оорунун жалпы эле регионго болчу таасирин жеңилдетүү максатында ыкчам аракеттерди көрүшүбүз керек", — деген МЭУнун башкы директору Эми Поуп.
Чыгыш жана Түштүк Африка региону 12,2 миллион мигрантты кабыл алары белгиленген, бул жалпы Африкадагылардын тең жарымы. ДССУнун маалыматы боюнча, августтун башында маймыл чечеги катталган 12 африкалык мамлекеттин алтоо дал ушул региондо. Оорунун жаңы учурлары эми Кенияда, Бурундиде, Руандада жана Угандада да катталды.
Бөлүнүшү керек деген акча инфекцияны көзөмөлдөө, алдын алуу, өзгөчө чек ара аймактарындагы абалга тыкыр көз салуу үчүн керектелмекчи.
15-август күнү ДССУ эки жыл ичинде маймыл чечегинин жайылышын дүйнөлүк маанидеги кырдаал деп жарыялады. Африкадан сырткары, оору Швеция менен Пакистанда да катталган.
Маймыл чечеги — сейрек кездешүүчү жугуштуу вирустук инфекция. Ал бир адамдан экинчи адамга жугат. Бул илдет илешкенде баш, бел ооруп, адам чыйрыгып, шалдырайт. Көбүнчө бетке кызыл бүдүрлөр чыгып кетет.
Маймыл чечек оорусу. Кыргызстан сактык чараларын күчөтүүдө