Билим берүү министрлиги мектептердин каникул күндөрүн жана окуу жылын аныктады

Sputnik
БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлигинин "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын 2024/2025-окуу жылына карата базистик окуу пландарын бекитүү жөнүндө" буйругу чыкты.
Документке ылайык, мектептерде жаңы окуу жылы 2024-жылдын 2-сентябрында башталып, 2025-жылдын 26-майында аяктайт.
Каникулдан тышкары, окуу жылынын узактыгы:
1-класс — 33 жума;
2-8, 10-класстар — 34 жума;
9 жана 11-класстар, экзамендердин мөөнөтүн эсепке алуу менен — 36 жумага чейин.
2024-2025-окуу жылына карата каникулдардын графиги:
Күзүндө балдар 4-10-ноябрь аралыгында 1 жумага тарайт. Сабактар 11-ноябрда башталат.
Кышкы каникул 30-декабрдан 2025-жылдын 12-январына чейин уланып, балдар эки жумага тарашат. Сабактар 13-январда башталат.
Жазгы каникул 17-23-мартка чейин бир жумага созулат. Окуу 24-мартта башталат.
"Наристе" 480 сааттык мектепке чейинки даярдоо программасына кирген 6 жаштагы балдардын каникулу 3-чейректе кошумча эки жумага, 1-класстын окуучулары үчүн 3-чейректе кошумча бир жумага узартылат", — деп айтылат маалыматта.
Мектептеги коррупция боюнча кайсы номерге чалса болот?