Баткенде 90 жаштагы эне менен майып кызы үчүн курулган үй тонолду

Ашканадагы меш, казан жана конверттеги эки миң сом уурдалган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Баткен районунда 90 жаштагы эне менен анын майып кызы үчүн курулган үй тонолгондугун облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
20-августта Ташбүбү Абилова өзүн жаман сезип, кызы менен ооруканага кайрылган. Эртеси алар үйүн белгисиз адамдар тоноп кеткенин байкашкан. Белгиленгендей, жабырлануучулар милицияга арыз жазышкан эмес.
Бул маалымат социалдык тармактарга тарагандан кийин окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барып, меш, казан жана конверттеги эки миң сом уурдалганы аныкталган.
Факт электрондук маалымат журналына катталды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Эске салсак, буга чейин Баткен облусунда бийлик 90 жаштагы кемпир менен анын 54 жаштагы майып кызына үч бөлмөлүү үй куруп беришкен.
Жалал-Абадда бейтааныш баланы сабаган аял. Шектүү убактылуу кармоочу жайда