23-августка карата аба ырайы

23-августта туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүшү ыктымал.
Sputnik
БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Жума күнү күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөсө, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +29…+34, Талас аймагында +24…+29, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +29…+34, Ысык-Көл жергесинде +21…+26, Нарын өрөөнүндө +22…+27 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +31…+33, Ош шаарында +32…+34, Чолпон-Атада +23…+25 градуска көтөрүлөт.
Нөшөрлөп жамгыр жаап, сел жүрөт! ӨКМдин эскертүүсү