«Жашыл Мурас» улуттук кампаниясы өлкөнү жашылдандыра алабы?

Sputnik
Президент Садыр Жапаров эки жыл мурун, Кыргызстандагы "Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын" алкагында "Жашыл мурас" улуттук кампаниясы башталганын жарыялаган. Анын алкагында 2022-жылы өлкө боюнча 8 миллиондон ашуун, былтыр 7 миллиондон ашуун көчөт отургузулганы кабарланган. Быйыл, канча көчөт отургузулду? жалпы көчөт-бактарга кандай кам көрүлүп жатат? Кандай көчөттөрдү отургузуу керек жана кайда отургузуу керектигин ким аныктайт?
Ушул жана башка суроолорго Жаратылыш ресурстары экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин биоресурстары башкармалыгынын өсүмдүктөр дүйнөсү бөлүмүнүн башчысы Бакыт Чороев жооп берди.