Жаңы окуу жылында мектептерде жол көзөмөлдөө кызматкери иш алып барат

Sputnik
Учурда мектептин жанынан айдоочулар 40 чакырым аралыкта эмес (40 км/с), 30 км/с болду. Бул көрсөткүчтү 20га чейин түшүрүү каралууда. Ошону менен катар окуучулардын коопсуздугу үчүн мектептерде бирден инспектор иш алып барарын Айтикул уул айтты. Жайкы туристтик сезондо да Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы тарабынан бир катар иштер мерчемделип чыккан. Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматкерлеринен Ысык-Көл облусуна да бөлүнүп ошол тарапка бараткан Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолдорунда Чүй облустук кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте орнотулган. Муну менен катар жаңы окуу жылына карата профилактикалык иштер жасалып жатканын Айтикул уулу билдирди.