УКМК кызматкерлери Бишкектеги мугалимдер менен сүйлөшүүдө. Себеби

Sputnik
БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Жаңы окуу жылынын алдында УКМКнын кызматкерлери Бишкектеги бир катар мектеп, бала бакчалардын директорлору менен профилактикалык сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Бул иштердин билим берүү системасындагы коррупцияны алдын алуу үчүн жасалганы айтылды.
Тагыраагы, балдарды 1-класска киргизүүдө, башка мектептерге которууда жана бала бакчаларга орноштуруудагы мыйзамсыз иштерге жол бербөө боюнча кадамдар жасалып жатканы белгилүү болду.
Комитеттин кызматкерлери билим берүү тармагында акча берген жана алган учурлар үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертишкен.
УКМК баланы 1-класска киргизүүдө же башка билим жайына которууда коррупциялык системага туш болгондор 0312-66-04-75 номерине кабарласа болорун билдирди.
Баланы мектепке электрондук каттоодо мүчүлүштүк жаралса эмне кылуу керек?