Зындан көлү жырылгандыктан Тоңдо 160 адам коопсуз жайга эвакуацияланды

Туура-Суу айылында Тоң суусунун деңгээли көтөрүлгөн. Куткаруучулар жергиликтүү бийликтин техникалары менен суунун нугун буруп жатышат.
Sputnik
БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Тоң районунда Зындан көлү жырылып, суу каптоо коркунучу жаралгандыктан 160 киши коопсуз жайга көчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Туура-Суу айылында Тоң суусунун деңгээли көтөрүлгөн. Куткаруучулар жеринде көзөмөлдөө иштерин жүргүзүп, жергиликтүү бийликтин техникалары менен суунун нугун буруп жатышат.

"Зындан көлү жырылып, суу каптоо коркунучу жаралгандыктан Туура-Суу айылынын 90 жашоочусу жана Балык завод тилкесинен 70 адам жакынкы Эшперов жана Ак-Сай айылдарына көчүрүлүп, убактылуу жайга жайгаштырылууда", — деп жазылат маалыматта.

Буга чейин министрлик райондогу Зындан көлү жырылганын кабарлаган.
Ысык-Көлдө селдин кесепетин жоюуга 738 киши чыкты. Сүрөт