БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында кыргызстандыктар 29,9 миллиард сомдук микрокредиттерди алды. Насыя алган адамдардын саны 561 миңди түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 1,6 эсеге көбөйгөнүн Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматта алты айда калкка берилген насыянын көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 26,6 эсеге көп экендиги айтылат.
Микрокредит алуучулардын эң көбү Бишкекте (22%ы туура келет), Ошто (16%дан ашык), Жалал-Абад (15%) жана Чүй (14%дан ашык) облустарында жашайт.
Микрокредиттер төмөнкүдөй максаттарга берилген:
керектөөчүлөрдүн муктаждыктарына — 50,7 пайыз;
айыл чарбасы — 22 пайыз;
соода — 12 пайыз;
курулушка — 5 пайыз.