БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. 28-31-август күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында спорттун улуттук түрлөрү боюнча Кыргызстан президентинин кубогу өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты.
Ага ылайык, мелдештин алкагында көк бөрү, эр эңиш, салбуурун, ат оюндары, ат чабыш жана кыска аралыкка ат чабыш боюнча оюндар болот. Ага өлкөнүн бардык аймагынан спортчулар катышат.
Мелдеш Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан уюштурулуп жатканы кошумчаланды.