Суунун боюнан таштанды жыйнаган Садыр Жапаров эс алгандарга кайрылды. Видео

Кадрдан президенттин карагайлуу капчыгайдын ичинде бөтөлкөлөрдү, консерванын калайларын, кагаз жана башкаларды желим баштыкка чогултуп салып жүргөнүн көрүүгө болот.
Sputnik
БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров жаратылыштын койнунда жүрүп, жерге ыргытылган ар кыл таштандыларды жыйнап жатып элге кайрылуу кылган видеосу тарады.
Ал Кыргызстандын суктанарлык жаратылышы бардыгын эске салып, ага элдин өзүн да, чет жактан келген туристтерди да жоопкерчиликтүү мамиле жасоого чакырган.
Кадрдан президенттин карагайлуу капчыгайдын ичинде шар аккан суунун боюнан бөтөлкөлөрдү, консерванын калайларын, кагаз жана башкаларды терип, желим баштыкка салып жүргөнүн көрүүгө болот.
"Анча-мынча сабатсыз адамдар ушинтип таштандыны таштап кеткенин көрүп калсаңыздар, сабаттуу адамдар терип, жыйнап, татынакай кылып машинанын артына салып, шаарга жеткенде таштанды челекке ыргытып коесуңар. Андан колуңарга эч нерсе жугуп калбайт", — деди өлкө башчы.
Көлдүн түбүнөн тонналаган таштанды менен миңдеген метр торлор дагы деле чыгууда