Радио

Дүйшөмаматов: демигүү жүрөк оорунун алгачкы белгиси болушу мүмкүн

Инвазивдик кардиолог Роман Дүйшөмаматов коронарография процедурасынын жүрөк ооруларындагы маанисине токтолду.
Sputnik
Адатта бейтаптар жүрөккө коронарография жасоону операция катары кабыл алышат. Чынында бул профилактика үчүн да өтүп коюучу процедура. Бул тууралуу Роман Дүйшөмаматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып жасады.
Анын айтымында, демейде адамдарда 45-50 жаштан тарта түрдүү жүрөк илдеттери чыга баштайт.
"Дүйнөдө биринчи орунда жүрөк дарттарынан көз жумгандар турат, андан соң гана залалдуу шишик илдети. Ошентсе да бул статистика дүйнөлүк коомчулукту анчейин ойлондурбайт. Көпчүлүгү туура эмес жашоо образын уланта беришет да, 40-45 жаштан өткөн соң анын кесепетине кабылышат. Андыктан туура жашоо режимин сактоодон сырткары да медициналык кароолордон убагында өтүп турган жакшы. Анын ичине жүрөккө жасалуучу коронарография да кирет. Көпчүлүк муну операция катары гана кабылдап, профилактикалык мүнөздө карашпайт. Чынында бул процедура менен адам оор абалда келип түшкөндө кан тамырдагы майларды тазалаган чакан операциядан сырткары, диагноз коюу үчүн да колдонулат. Ошол эле ооруну алдын алуу максатында адам дарыгердин сунуштамасы менен аталган процедурадан өтүп турса болот. Ал эми инфарктыга кабылган учурда алгачкы эки саат ичинде коронарография жасалып калса бейтапты аман алып калуу мүмкүнчүлүгү жогору", — деди Дүйшөмаматов.
Ал профилактикалык мүнөздө коронарография жалпы организм үчүн коопсуз процедураларга кирерин кошумчалады.