БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Чүйдүн Кемин районунда мурда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен, баасы 4 миллиард 7 миллион 77 миң сомдук жер мамлекетке кайтарылды.
УКМКдан жалпы аянты 353,3 гектар бул жер өнөр жай багытында болгонун айтышты.
"Тиешелүү текшерүү иштеринин жүрүшүндө Жогорку Кеңештин М.Н.К. аттуу мурдагы депутатына аффилирленген компаниялар аркылуу мамлекеттик өнөр жай жерлерин жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп беришкен", — деп айтылган маалыматта.
Видеодон карай келгенде бул Кемин районуна кирип бара жаткан жолдун сол тарабындагы контейнерлер менен тосулган жер экенин көрүүгө болот.
Учурда мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештирүү фактыларын аныктоо боюнча иштери уланып жатканын айтышты.