Кеминдеги мамлекетке кайтарылган 353 гектар жерге ипотекалык үйлөр курулат

Бул жер Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүлүп, тогуз кабаттуу үйлөр салынып, Кемин шаары деп аталмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Чүй облусунун Кемин районунда жол боюндагы мамлекетке кайтарылган 353 гектар жерге ипотекалык үйлөр курулат. Мындай чечимди өлкө башчы Садыр Жапаров кабыл алганын президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, бул жер Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүлүп, тогуз кабаттуу үйлөр салынып, Кемин шаары деп аталмакчы. Болжол менен 100 миңден ашык үй-бүлөгө батир берүү мерчемделүүдө.
"Компания курулуш иштерине 2025-жылдын март-апрелинде киришет. Турак жайлар жарандарга 20-25 жылдык мөөнөткө ипотекага берилет", — деп жазган Алагөзов.
Эске салсак, УКМК Кеминде жол боюндагы контейнерлер менен тосулган 353 гектардан ашык жер мамлекеттин балансына өткөнүн кабарлаган. Базар баасы 4 миллиард 7 миллион 77 миң сомду түзгөн жерди Жогорку Кеңештин М.Н.К. аттуу мурдагы депутаты аффилирленген компаниялар аркылуу жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп алганы айтылган.
Чүйдүн Жайылында 470 млн. сомдук жер участогу мамлекетке кайтарылды