Эдил Байсалов спортчуларды Паралимпиада оюндарына узатып, туу тапшырды

Sputnik
БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары XVII жайкы Паралимпиада оюндарында өлкө намысын талаша турган спортчулар менен жолугуп, туу тапшырды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Өкмөт башчынын орун басары спортчулардын жетишкен ийгиликтери үчүн сыймыктанарын билдирди.
1 / 3

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары XVII жайкы Паралимпиада оюндарында өлкө намысын талаша турган спортчулар менен жолугуп, туу тапшырды.

2 / 3

Өкмөт башчынын орун басары спортчулардын жетишкен ийгиликтери үчүн сыймыктанарын билдирди.

3 / 3

Байсалов мамлекеттик тууну Кыргызстандын Паралимпиада курама командасынын капитаны Маматибраим Сурановго тапшырды.

"Паралимпиада оюндарына катышып жатканыңыздардын өзү эле жеңиш. Сиздердин эркиңиздер биздин өлкөнү гана эмес, бүткүл дүйнөнү шыктандырат", — деди ал.
Байсалов мамлекеттик тууну Кыргызстандын Паралимпиада курама командасынын капитаны Маматибраим Сурановго тапшырды.
Кыргызстандын Паралимпиада курамасынын мүчөлөрү:
Гүлназ Жүзбаева (жеңил атлетика);
Айтунук Жоомарт кызы (триатлон);
Маматибраим Суранов (дзюдо);
Миргүл Болоталиева (пауэрлифтинг).
Самбо боюнча курама команда Дүйнө кубогунда 12 медаль тагынды