Бишкекте батирлерди ижарага бергендерге рейд жүрүүдө

Салык төлөөдөн качкандарга айып салынат.
Sputnik
БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Бишкек шаарында турак жай аянтын ижарага берген адамдарды салыктык эсепке алуу боюнча рейд жүрүүдө. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Маалыматка караганда, Свердлов районунун аймагында акимчиликтин кызматкерлери, райондук салык кызматынын инспекторлору жана райондук МАБ адистери менен биргеликте батир тапшыруучулардын маалымат базасы түзүлүүдө.
1 / 2

Бишкек шаарында турак жай аянтын ижарага берген адамдарды салыктык эсепке алуу боюнча рейд жүрүүдө

2 / 2

Маалыматка караганда, Свердлов районунун аймагында акимчиликтин кызматкерлери, райондук салык кызматынын инспекторлору жана райондук МАБ адистери менен биргеликте батир тапшыруучулардын маалымат базасы түзүлүүдө

"Иш-чаралар шаардыктардын арыздануусунан жана жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толуктоо максатында өткөрүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Турак жай аянтын ижарага берүү үчүн патенттин баасы:
көп кабаттуу үйлөргө чарчы метри үчүн 30 сом (пайдалуу аянты);
жеке үйлөргө чарчы метри үчүн 40 сом (пайдалуу аянты).
Мындан тышкары, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү (айыл чарба жерлеринен тышкары) ижарага берүүдөн киреше алган жеке ишкерлер менен жеке жактар камсыздандыруу төгүмдөрүн орточо эмгек акынын 10 пайызынан кем эмес өлчөмүн ай сайын төлөйт.
Салык төлөөдөн качкан учурда жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч (7 500 сом) өлчөмүндө, юридикалык жактарга 230 эсептик (23 000 сом) көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынат.
Өлкөдө ипотекалык программа боюнча 11,3 миң батир курулууда