Радио

Дубанаев: ата мекендик автоунааларга кепилдик берилет

Кыргыз-өзбек автозаводунун директору Мирбек Дубанаев машиналардын баасы комплектациясы менен моделине жараша болгону менен кыргызстандыктардын чөктөгүнө ылайыктуу экенин айтты.
Sputnik
Кыргыз-өзбек автозаводунда жалпы 1000ден ашуун жумуш орду түзүлгөн. Азыркы тапта 45 киши иштеп жатат. Бул тууралуу Мирбек Дубанаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бир машинаны чогултуп чыгарганга орточо 20-25 мүнөт убакыт кетет.
"Заводдун жалпы аянты 5 гектар. Анын 2,8 гектары өндүрүш ишканалары үчүн бөлүнгөн. Азыркы тапта эки бөлмөлүү өнтүрүштүк цех курулуп бүттү. Анын биринде Chevrolet брендинин жеңил автоунаалары, экинчисинде жеңил жүк ташуучу унаалар чыгарылып жатат. Жалпы 1000ден ашуун жумуш орду түзүлгөн. Бүгүнкү күндө 45 адам иштеп жатат. Алар — Сокулук районунун тургундары. Жумушчуларга Өзбекстандагы өнөктөштөрүбүздүн адистери тажрыйбасы менен бөлүшүп, көмөктөшүп жатат. Биздин дагы адистер жылына бир же эки жолу Өзбекстанга окууга жөнөтүлүп турат. Ошондой эле онлайн-режимде да окуудан өтүшөт. Ата мекендик автоунаалардын сапаты абдан жакшы. Үч жыл же 100 миң чакырым кепилдик берилет. Баасы комплектациясы менен моделине жараша, бирок кыргызстандыктардын чөктөгүнө ылайыктуу. Мисалы, Chevrolet Cobalt жеңил унаасы 1 миллион 57 миң 300 сомдон башталат. Бул аябай арзан. Cobalt — General Motors дүйнөлүк компаниясынын бренди. Бул брендди өзүбүздүн каалообуз менен эле тандап алган жокпуз. Көптөгөн изилдөөлөр жүргүзүлүп, бизнес-пландар түзүлгөн", — деди Дубанаев.
Ал ошондой эле ата мекендик унааларга кызыккандар көп болуп жатканын, келечекте жылына 30 миң автоунаа чыгарганга жетишүү керектигин кошумчалады.