Ысыкта ашыкча жүк менен асфальт жолго чыккан айдоочуларга айып салынды

Күндүз абанын температурасы +28 градус жана андан жогору болгон учурда саат 10:00дөн 20:00гө чейин салмагы 18 тоннадан ашкан оор жүк ташуучу унааларга жалпы пайдалануудагы жолдордо жүрүүгө тыюу салынат.
Sputnik
БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Кыргызстанда жүк ташыган айдоочуларга 3,8 миллион сом айып салынганын Транспорт жана коммуникация министрлиги билдирди.
Унаа ээлери ашыкча жүк менен ысык аба ырайында асфальт жолго чыгышкан. Айдоочуларга 213 протокол түзүлүп, айып пулдун жалпы суммасы 3 млн 877 миң 500 сомду түздү.
Транспорт министрлиги 1-июндан 1-сентябрга чейин жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилгенин эскертет. Күндүз абанын температурасы +28 градус жана андан жогору болгон учурда саат 10:00дөн 20:00гө чейин салмагы 18 тоннадан ашкан оор жүк ташуучу унааларга жалпы пайдалануудагы жолдордо жүрүүгө тыюу салынат.
Чектөө төмөнкү учурларда колдонулбайт:
жүргүнчүлөрдү ташууда;
гуманитардык жардамды ташууда;
тез бузулуучу тамак-аш азыктарын ташууда;
атайын уруксаттын негизинде ири жүктөрдү ташуу;
жолдорду курууга жана оңдоого тартылган транспорт каражаттары (берилген ордер боюнча).
Мындай чара жолдордун сапатын сактоо үчүн көрүлдү.
Айдоочуга кулак кагыш! Рейд жүрүп, автоунаалардын техникалык абалы текшерилүүдө