Кыргызстандын эки банкы Россиядан акча которууга жарым-жартылай чектөө киргизди

Sputnik
БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Кыргызстандын эки банкы расмий түрдө Россиядан акча которууга жарым-жартылай чектөө киргизгенин билдирди. Тийиштүү маалымат мекемелердин сайтында жарыяланган.

Тарых-таржымалы

Кечээ "Тазабек" басылмасы булактарына таянуу менен Улуттук банк коммерциялык банктарды санкцияга кабылган Россиянын каржы мекемелери менен иштешүүнү токтотууну талап кылып жатканын жазган.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Улуттук банктан бул боюнча комментарий берүүнү өтүндү.
"Тазабек" басылмасынын маалыматы боюнча, Улуттук банк банктардан OFAC, ЕБ жана Улуу Британиянын санкциялык тизмесине кирген ишканалар менен кызматташтык мамилени токтотууну талап кылган. Кеп "Сбербанк", "МТС Банк", "ТБанк" (мурдагы "Тинькофф") жана "Мир" төлөм системаларынын операторлору тууралуу болуп жатат. Маалыматта бул кайталап салынган санкцияларды алдын алуу үчүн көрүлүп жаткан чара экени айтылат.
Буга катар Улуттук банк коммерциялык банктардан кардарларга жана контрагенттерге көзөмөлдү күчөтүүнү, кардарлардын АКШ (OFAC), Евробиримдик жана Улуу Британиянын санкциялык тизмелерде жоктугун кылдат кароону өтүнгөнү айтылган.
Өлкөнүн башкы банкы маалыматты тастыктаган да, төгүндөгөн да жок. Сурамга берилген жоопто коммерциялык банктар республиканын банк системасына эл аралык санкциялардын терс таасирин алдын алуу боюнча аракеттерди көрүп жатканы айтылат.
Акча которууга чектөө киргизгенин расмий жарыялаган банктар:
MBank (мурунку "Кыргызстан" банкы) 16-августтан тарта россиялык банктар аркылуу келчү каражат банк реквизиттери боюнча гана которуларын билдирди. Буга санкцияга кабылган банктар кирбейт.
MBank тиркемеси менен телефон номери боюнча россиялык банктар аркылуу акча которуулар эки багытта тең токтотулду.
Маселе жаралса банктын күнү-түнү иштеген 3333 номериндеги контакт-борборуна чалуу сунушталды (Кыргызстандын уюлдук операторлорунан чалуу акысыз).
"Керемет банк" ААК кечээ "Сбербанк", "МТС Банк", "Тбанк" ("Тинькофф") жана "Мир" системасынын операторунун мобилдик тиркемелери аркылуу эки багытка акча которуу белгисиз мөөнөткө токтотулганын билдирди.
Анткен менен төмөнкү эл аралык системалар аркылуу каражат которууга мүмкүнчүлүк бар:
"Золотая корона";
Астрасенд;
Western Union;
Юнистрим;
Жарым жылда Кыргызстандан 240 миллион доллар которулган