ЕАЭБ өлкөлөрүнүн журналисттери Тоолуу Алтайга барышты. Видео

Тоолуу Алтайда Евразиянын 15 өлкөсүнүн өкүлдөрү катышкан "Манжерок" эл аралык жаштар фестивалы өтүүдө.
Sputnik
"Манжерок" журналисттерди, блогерлерди, жазуучуларды жана коомдук пикир жараткан лидерлерди чогултту. Алар үчүн мастер-класстар, панелдик талкуулар жана тегерек столдор уюштурулган.
Форумдун коноктору жаңы таанышуулар менен гана чектелбестен, журналистика, SMM жана саясат таануу жаатындагы эксперттерден билим алышты.
Маселен, катышуучуларга ЕАЭБдин артыкчылыктары, анын региондогу өлкөлөргө тийгизген экономикалык таасири жана Евразия өлкөлөрүнүн келечеги тууралуу маалымат берилди.
Фестиваль КМШ өлкөлөрүнөн келген жаш муундардын башын бириктиргени бекеринен эмес. Уюштуруучулардын айтымында, эртең геосаясий жана экономикалык маселелерди жаштар чечет, андыктан алар билимди бүгүн алышы керек.
Тема боюнча:
Кыргыз-орус окумуштуулары кыргыздар менен алтайлыктардын турмушун изилдеди