Мээси чайкалып, көгала болгон. 21 жаштагы кыз сабаган медиктин абалы айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Чүй облустук ооруканасына ичкиликке ууланып түшкөн кыз сабалгандан кийин реаниматолог Айгүл Зибированын мээси чайкалып, муунтканда мойну, желкеси көгөргөн. Бул туурасында Токмок шаардык ооруканасынан билдиришти.
Эске салсак, 19-августта саат 01:00дөр чамасында Чүй облустук ооруканасына 21 жаштагы кыз ичимдикке ууланып түшкөн. Ал үч сааттан кийин эсине келип, кетүүгө аракет кылган. Бирок дарыгерлер аны туугандары келмейинче чыгара албастыгын айткан. Кыз буга ачууланып, дарыгерге кол көтөрүп, андан соң ооруканадан чыгып кеткен.
Милиция шектүүнү таап, бөлүмгө алып келген. Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, бул кыздын кылыктарына тиешелүү чара көрүлөрүн айтышты. Иликтөө жүрүп жатат.
Медиктерге кол көтөргөндөрдү 8 жылга чейин кесүү каралууда. Мыйзам долбоору