Геологдорго өмүрүн арнаган дарыгер. 83 жаштагы ыктыярчы менен маек

Sputnik
Өмүр бою тоо койнунда жашап, геологдордун саламаттыгын эле эмес, ошол чөлкөмдүн тургундарынын Умай энесине айланган каарманыбыз быйыл 83 жашта. Ал ушул курагында да коом үчүн эмгектенгенин токтотпой, ыктыярчылык менен алектенип келет. Күнүмдүк жашоодо саламаттыкка кантип көңүл бөлө жүрүш керектигин, балдарды эмнеге үйрөтүп, эмнелерден алыс кармоо зарылдыгын айткандан тажабайт.
Элдин, улуттун, өзү жашап жаткан коомдун ден соолугунун чың болушуна өз салымын кошууну милдетим деп билген Айша Исмагулова эмгектен үзүр таап, эл сыймыгына айланган өмүр жолу тууралуу буларга токтолду.