Жибек жолун жандандыруу аракети — кандай мүмкүнчүлүк жана коркунучтар бар?

Sputnik
Учурда улуу жибек жолун жандандыруу аракети көрүлүүдө. Тактап айтканда коңшу өлкө, Кытай менен Европанын соода байланышын Кыргызстан аркылуу өткөрүү аракеттери болуп жатат. Учурда айрым Кыргызстандык жүк ташыган компаниялар аталган багытта товар ташып башташты. Ошондой эле Кытайдан жүк чыгаруу-киргизүүнү жеңилдетүү үчүн Бажы кызматы дагы атайын иштерди алып барып көзөмөл-өткөрүү пунктарында өзгөрүүлөр орун алып жатат. Жибек жолун жандандырууда Кыргызстан кандай пайда көрөт?
Бул олуттуу долбоор кантип ишке ашары тууралуу UBS Transit компаниясынын башкаруу кеңешинин төрагасы Талантбек Маткерим уулу менен болгон маекте кеп кылдык.